Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры № 16/2
Алай районунда ички жана тышкы миграциянын абалы жана жаштарды иш менен камсыз кылууда райондук миграция бөлүмүнүн аткарып жаткан иш аракеттери, № 67 кесиптик лицейинин жаштарга кесиптик билим берүүнүн сапаты жөнүндө
Алай райондук Кенешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн башчысынын, № 67 кесиптик лицейинин директорунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунда райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн жаштарды ишке орноштуруу жана миграциянын так маалыматын алуу менен ички, тышкы миграциянын мыйзамдуулугун түшүндүрүүдө аткарган иштери, № 67 кесиптик лицейинин жаштарга сапаттуу кесиптик билим берүүдө аткарып жаткан иш аракеттери эске алынсын.
2. Райондогу жаштарды иш менен камсыз кылуу, иш орундарын табуу, тышкы миграциядагы кыйынчылыктардын алдын алуу чаралары боюнча иштиктүү иш алып баруу райондук миграция бөлүмүнүн башчысы А.Белекбаевге милдеттендирилсин.
3. Жаштарга кесиптик билим берүүнү мындан ары жакшыртуу, мал чарбачылыгына, айыл чарбасына, курулуштарга, тейлөө жана электроника боюнча керектүү кесиптерге сапаттуу даярдоо Алай районунун № 67-кесиптик лицейинин директору Ж.Мурзалиевге милдеттендирилсин.
4. Кесиптик лицейде окуган курсанттарга шарттарды мезгил талабына ылайык түзүү, окуу материалдык техникалык базасын чындоо, теориялык билимди практикада аткара билүүгө жетишүү, курсанттарды сабактарга үзгүлтүксүз катыштыруу, мезгилге жараша турмушта керектүү кесип боюнча окутууну ачуу кесиптик лицейдин жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин социалдык маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |