Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры № 16/3
Гүлчө айылдык округунда Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18- беренесинин аткарылышы жөнүндө
Алай райондук Кенешинин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана Гүлчө айылдык округ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл округунун аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, калктын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн жогорулатууда, жамааттык уюмдар менен бирдиктүү иш алып барууда, айылдык округдун аймагындагы социалдык мекемелердин жылуулугуна жана иштөөсүнө шарт түзүү жана аларга мыйзамдуу көзөмөл кылуу, айылдык округдун экономикалык абалын көтөрүү максатында Кыргыз Республикасында жүрүп жаткан экономикалык реформаларды турмушка ашырууда калк арасында иш алып баруусу боюнча алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Гүлчө айыл округунун аймагында калк жайгашкан калктуу конуштарда элдин жашоо шартын жакшыртуу максатында айылдын инфраструктурасын көтөрүү боюнча атайын иштелип чыккан иш чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жагы айыл округ башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттарына, коомдук уюмдарына милдеттендирилсин.
3. «Таза суу» программасын ишке ашырууда калкты таза-суу менен камсыз кылууда айыл округунун аткарып жаткан иштериндеги кемчилдиктерди четтетүү боюнча тез арада атайын иш аракеттерди көрүү айыл округ башчыларына милдеттендирилсин жана айылдык Кеңештердин депутаттарына сунушталсын.
4. Гүлчө айыл округунун аймагында коомдук тартипти сактоо, тарбиялык иштердин денгээлин көтөрүү менен улуттук каада салттардын сакталышына, ысырапкерчилике жол бербөө үчүн, жамааттык уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу менен колдо болгон ички резервдерди толук пайдаланууну колго алуу айыл округ башчысына жүктөлсүн жана айылдык Кеңештин депутаттарына, анын туруктуу комиссияларына сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 580 ”Муниципалдык менчиктеги обьектилерди инвентаризациялоо жана мамлекеттик каттоону жыйынтыктоо жөнүндөгү” токтомун аткаруу максатында 2012-жылга жана кийинки жылдарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп, муниципалдык менчиктеги обьектилерге мамлекеттик актыларды алууну бардык айыл округ башчылары өз көзөмөлүнө алышсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |