АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын XVI заседаниеси
2011-жылдын 20-декабры №16/4
Алай районунун 2012-2015-жылдарга социалдык- экономикалык жактан өнүгүү программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Алай райондук Кенеши Алай районунун 2012-2015-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын долбоорун райондук Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин токтомунун жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн башкы адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун 2012-2015-жылдарга социалдык - экономикалык жактан өнүгүү программасынын долбоору бекитилсин (долбоор тиркелет).
2. Алай районунун 2012-2015-жылдарга социалдык - экономикалык жактан өнүгүү программасынын долбоорунун аткарылышын камсыз кылуу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, райондук мекеме уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу райондук экономика комитетине жана райондук Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |