Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры № 16/5
Алай токойчулугунун «Токой экосистемасын сактап калуу боюнча» 2011-жылдын 24-октябрындагы № 93 каты жөнүндө
Алай райондук Кеңеши Алай токойчулугунун башчысынын маалыматын угуп, райондук Кеңештин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун, талкулоосунун негизинде
Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймагындагы бардык мекеме ишканаларда, айылдык округдарда айыл чабасына пайдаланылбаган жерлерге тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактары тиркемеге ылайык отургузулсун (тиркеме тиркелет).
2. Тез жетилүүчү дарактарды тигүүдө көчөттөр менен камсыз кылуу Алай токойчулугуна милдеттендирилсин. Көчөттөрдү тигүүгө кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Элдин отунга болгон муктаждыктарын ушул тигилген дарактар аркылуу чечүү жана дарактарды мүмкүнчүлүккө жараша жылдан жылга көп эгүү айылдык округдардын милдеттери экендиги белгиленсин.
4. Дарактарды эгүүнүнүн күзгү жана жазгы жүрүштөрү боюнча мекемелерге талап коюу, көзөмөлгө алуу райондук мамлкеттик администрациясына жана Алай токойчулугунун башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |