Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры № 16/6
Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин Алай районунун “Ардактуу атуул” наамын берүү боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулоосунун жана токтомунун негизинде Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Турганбаева Сайрагүл Асылбаевна-Гүлчө айылдык округунун башчысынын орун басары, Калмаматов Жыргалбек Айтиевич-жеке ишкер, Белекбаев Талантбек Маматосмонович-аймактык оорукананын директору, Токсонбаев Мамбет Айдаралиевич-Алай районунун судьясы, Кеңешбаев Азамат – Үч-Төбө айылдык округунун ардагери, Самудинов Алмазбек- “Ош Электро” ишканасынын директоруна, Мамытов Атаяр Болотбековичке Алай районунун “Ардактуу атуулу ” наамы берилсин
2. Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамы берилген атуулдарга берилүүчү иш кагаздарды даярдоо Алай райондук Кеңешинин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |