Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-апрели №20/1
Нариман айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга Нариман айылдык округунун бюджети жөнүндө
Нариман айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга айылдык округунун бюджетин карап, талкуулап, айылдык округунун Кеңешинин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын, толуктоолорунун негизинде Нариман айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга Нариман айылдык округунун бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча категориялык жана теңдештирүүчү грант эсебинде 48422,3 миң сом өлчөмүндө, грантсыз 18296,0 миң сом, категориялык грант 27515,4 миң сом жана теңдештирүүчү грант 650,9 миң сом өлчөмүндө, айыл чарбасына жараксыз жерлерин сатуудан тушуучу акча каражаты 1960,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2011-жылга Нариман айылдык округунун бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалар боюнча багыттары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нариман айылдык округунун 2010 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 59302,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 57965,3,6 миң сомго же кирешенин чыгашадан 1337,0 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы бекитилсин.
4. Нариман айылдык округунун аппарат кызматкерлерине негизги штаты 48 бирдик, анын ичинен айыл башчы штаты 13 бирдик , МОП штаты 6 бирдик бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык округунун Кеңешинин туруктуу комиссиясына ( А.Хажибуваев) тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу |
К.Исаков |