ТоктомКүчүндө

Нариман айылдык кенешинин 2011-жылдын 13-июнундагы №22/3 «Нариман айылдык округунун Жим айылынын жашоочусу Хакимов Азимжанды салыктардын түрүнөн бошотуу жөнүндө» токтому

Редакция13.06.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык округунун кеңешинин (төртүнчү шайланган) кезексиз XXII сессиясы

 

2011-жылдын 13-июну №22/3

Нариман айылдык округунун Жим айылынын жашоочусу Хакимов Азимжанды салыктардын түрүнөн бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 19.06.2010-жылдагы №77 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1.10.2010-жылдагы №133 Декретин жетекчиликке алып, Жим айылынын жашоочусу Хакимов Азимжандын арызын карап, талкуулап Нариман айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нариман айылдык округунун Жим айылынын жашоочусу Хакимов Азимжан салыктарын бардык түрлөрүнөн 1.06.2010-жылдан 31.12.2011-жылга чейин 100 пайыз, 2012 –жылга 50 пайыз бошотулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык округунун Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык кеңешинин төрагасынын

милдетин аткаруучу

 

К.Исаков