Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-ноябры №4
Айылдык округуна келген гуманитардык жардамды (жер семирткичти) бөлүштүрүү жөнүдө
Айылдык округуна келген гуманитардык жардамды (жер семирткичти) калыс бөлүштүрүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округуна келген гуманитардык жардам калктуу конуштардагы шайлоочулардын санына бөлүнсүн.
2. Айыл башчылар гуманитардык жардам алган жарандардын тизмесин тактап, айылдык округдун соцкызматкерине беришсин. (тизмеси тиркелсин).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жана айылдык округдун тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Тагаев |
Сары-Колот айылдык кеӊешинин жоопту катчисы |
Б. Батиров
|