САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин кезектеги (үчүнчү шайланган) VII сессиясы
2011-жылдын 12-декабры №7
Сессияга катышкан депутаттардын саны: 9
Сессиянын төрагасы: Т. Тагаев
Сессиянын катчысы: Б. Батиров
КҮН ТАРТИБИНДЕ
1. Кара-Суу шаарынын жана Кара-Суу базарынын таштандыларын төгүү үчүн жер ажиратып берүү жөнүндө.
УГУЛДУ:
Күн тартибиндеги маселе боюнча сессияны төрага Т. Тагаев ачып,төмөнкүлөгө токдолду.
Кара-Суу райондук администрайиясынын буйругундагы комиссиялары менен Т. Тагаев таныштырып өттү.
Күн тартибинде Сары-Колот айылдык кеңеш депутаттары өз ара макулдашып, Кара-Суу шаарынын жана Кара-Суу базарынын таштандыларын
төгүү үчүн жер ажиратып берүүгө добушка коюлду.
Добуш бергендер
Макул 1
Калыс 1
Каршы 7
Кара-Суу шаарынын жана Кара-Суу базарынын таштандыларын төгүү үчүн жер ажиратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл окргунан аймагынан, Кара-Суу шаарынын жана Кара-Суу базарынын таштандыларын төгүү үчүн жер ажиратып берүүгө макулдук берилбесин.
Сары Колот айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Тагаев |
Сары Колот айылдык кеӊешинин жоопту катчысы |
Б. Батиров
|