АРАВАН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-февралы № 20-2
Араван райондук Кеңешинин депутаты жөнүндө
С.Юсупова айылдык округунан райондук Кеңешинин депутаты Ахматкулов Шаробидин депутаттык мандатын токтотуу жана аны ордуна кезекте турган талапкерге мандат берүү маселени карап чыгып жана талкуулап Араван райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айылдык округунан райондук Кеңештин депутаты Ахматкулов Шаробидин Россия Федерациясына учетун алып чыгып кеткендигине байланыштуу райондук Кеёештин депутаттык мандаты токтотулсун.
2. С.Юсупова айылдык округунан райондук Кеңешке депутат Ахматкулов Шаробидиндин райондук Кеңештин депутаттык мандаты токтотуу жана кезекте турган талапкер Махмудов Артыгалыга депутаттык мандат берүү жагы Араван аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Араван райондук кеңешинин төрагасы |
К.Г.Айтибаев |