Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-январы № 1
Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жайгашкан кичи ишканалар,магазин,күркөлөрдө спирттик ичимдиктерди сатуу убактысын чектөө жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жайгашкан кичи ишканалар, магазин, күркөлөрдө спирттик ичимдиктерди сатууга убактысы 22-00гө чектелсин.
2. Көлдүк айыл өкмөтүнүн аймагындагы кичи ишкана, магазин, күркөлөр кечки саат 22-00 дөн кийин спирттик ичимдиктерди сатып соода жасашса, бильярдканалар 22-00дөн кийин бильярд ойнотсо 3000 (үч миң) сомго чейин айып акча салынсын
3. Токтомдун негизинде айыл өкмөтүнөн буйрук чыгарылып,ар бир сатуучуга кол койдуруп,милдеттендирүү жагы үч айылдын айыл башчыларына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Молдокасымов |