Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты №19 /4
Алай районунда салыктын бардык түрлөрү боюнча 2011-жылдагы аткарылышы жана 2012-жылга план милдеттери жөнүндө
Алай райондук кеңеши Алай райондук мамлекеттик салык кызматынын Алай районуну боюнча башкармасынын начальнигинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районунун аймагында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда Кыргыз Республикасынын салык кодексинин талаптарына ылайык иш аткарып жаткандыгы белгиленсин.
2. Алай районунун аймагында жайгашкан юридикалык жана физикалык жактар, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан салыктарды жана жыйымдарды өз убагында бюджетке чегерүү жана анын аткарылышын мыйзамдуу камсыз кылуу айыл округ башчыларына жана мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын башчысына (Ш.А.Сулуевке) милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин талаптарына ылайык республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кодексинин талаптарына ылайык атайын иш чараларды иштеп чыгуу жана аларды тиешелүү мекеме ишканаларга (менчигинин түрүнө карабастан) айыл өкмөттөрүнө жана жеке ишкерлерге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу райондук Кеңештин бюджет, социалдык-экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М. Жеенбеков |