Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты №19/5
Жазгы талаа жумуштарына карата айыл чарба техникалары жана шаймандарынын даярдыктары жөнүндө (айыл чарба департаменти, салык, технадзор, айыл өкмөт башчылары) жөнүндө
Алай райондук кеңеши райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын, мамлекеттик салык кызматынын Алай райондук бөлүмүнүн маалыматын угуп талкулоосунун негизинде Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникалары кезектеги ремонттон өткөрүлүп жаткандыгы жана айдап себүүгө карата даярдыктардын көрүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Жазгы талаа жумуштарын белгиленген графикке ылайык өз мезгилинен кечиктирбей бүтүрүүгө шарт түзүү жана техникалар менен келишимдик негизде камсыз кылуу жана башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен элге, фермерлерге, дыйкандарга шарттарды түзүп жардам берүү жагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына, бардык айыл өкмөт башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айдап себүүгө карата элге арзан баадагы күйүүчү майлар жана үрөн менен камсыз кылууну уюштуруу райондук мамлекеттик администрациясына, агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жана айылдык өкмөт башчыларына милдеттендирилсин.
4. Жогорку зонанын техникаларын төмөнкү зонанын тез арада айдап себүүгө келишимдин негизинде пайдалануунун графиктерин түзүү жана анын айыл округдар боюнча аткарылышын көзөмөлдөө агрардык өнүктүрүү башкармалыгына тапшырылсын.
5. Айыл чарба техникаларын ремонттоону өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана жер айдоого даярдатуу боюнча техникалардын ээлери менен сүйлөшүү жагы айыл өкмөт башчыларына тапшырылсын.
6. Алай районунда кыштын оор келгендигине, эрте кыш түшүп, кардын өтө көп жаап жаздын кеч келгендигинен тоют жетишпей, малдан өтө көп чыгым болуп жем чөп аябагандай кымбаттап кетип элин жашоосун оорлотуп, алган кридеттерин кайтаруу кыйын болголдугуна байланыштуу Алай районунун элинин алган кридеттеринин мөөнөтүн бир жылга жылдырып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М Жеенбеков |