КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
депутаттардын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышынын
2012-жылдын 02 июну №28/1
Кара-Кулжа айыл окмотунун жайыттары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин депутаттарынын жыйырма экинчи сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында жана Кара-Кулжа айылдык округунун аймагындагы Кара-Кулжа айылында 30.03.2012-жылы өткөрүлгөн элдик жыйынын, 1-Май айылында 18.03.2012-жылы өткөрүлгөн элдик жыйынынын, Биймырза айылында 14.04. 2012-жылы, Сары-Камыш айылында 20.04.2012-жылда өткөрүлгөн элдик жыйынынын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2012-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктары учун жайыт пайдалануу тарифтерин бекитуу жөнүндөгу токтомдорун угуп жана талкуулап
Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнку сунуштагандары бекитилсин:
2012-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири муйуздуу мал-бир баш учун - 50 сом
Кой-эчкилер-бир баш учун - 15 сом
Жылкылар-бир баш учун - 50 сом
- сырттан келген малдар учун:
Ири муйуздуу мал-бир баш учун - 80 сом
Кой-эчкилер-бир баш учун - 20 сом
Жылкылар-бир баш учун - 80 сом
Эгерде сырттан келген жайыт комитети менен келишим түзбөй, уруксаты жок болсо бир баш жандыка 50 сом, бир баш бодо малга жана жылкыга 200 сом айып салынсын. Элдик жыйындардын токтомдорунун негизинде жайыт белетинин басы 50 сом болуп аныкталсын.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 5400 (беш мин төрт жуз) сом, эсепчисине 3000 (уч мин сом) жана инсмпекторлорго 1000 (бир мин) сом өлчөмүндө эмгек акылары бекитилсин.
4.Кара-Кулжа айылдык округунун жайыт жердин аянты 61614 гектар, анын ичинен пайдаланылган шарттуу башка ылайык 8219 гектар пайдаланылды. Пайдаланган жер аянтка жер салыгы гектарына 5 сом 30 тыйындан бекитилсин. Суммасы 57 000 сом бекитилсин.
5. Жайыт билетин албагандарга 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө айып бекитилсин.
6. Кара-Кулжа айылдык округунда жайытка көчүрүү 10-май деп аныкталсын.
7.Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кулжа айылдык округунун башчысы А.Токтомушовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасы |
А.Абжапаров |