Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2 июну, № 28 / 7
2012-жылга карата суу керектөөчүлөрдүн таза суу пайдалануу учун тарифтердин өлчөмүн бекитип берү жөнүндө
2012-жылга карата суу керектөөчүлөрдүн таза суу пайдалануу үчүн тарифтердин өлчөмдөрүнүн тарифтерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга таза суу пайдалануучулар үчүн, тарифтин өлчөму 1-Май, Кара-Кулжа, Биймырза айылдары үчүн айына бир жанга көчөдөгү кудуктан суу ичкендер үчүн 9 (тогуз) сомдон, короодогу кудуктан суу ичкендер үчүн 12 (он эки) сомдон болуп бекитилсин.
2. Айылдык округунун аймагындагы мамлекеттик бюджеттин эсебинде турган мекеме-уюмдардын күндөлүк керектөөлөрү үчүн ( жууп тазалоо ж.б.) жана комерсиялык ишканалар үчүн бир айына 1мЗ суу учун түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөө тарифи киргизилсин.
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасы |
И.Абжапаров |