Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2 июну, №28/ 9
Кара-Кулжа айыл өкмотунун муниц. менчигинде турган А.Токтосартов атындагы Кара-Кулжа райондук китепканасынын эшик терезелерин алмаштыруу боюнча түзүлгөн долбооруна өздук салымына акча каражат берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушов билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин "сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.А Токтосаров атындагы Кара-Кулжа райондук китепканасынын имаратынын курулушу 1988-жылдардан башталып, бирок СССР тарагандан кийин бүтбой кароосуз калып, акча каражаттын аздыгынан эски эшик-терезелерин кайра ремонттолуп коюлганда начар абалда болуп калгандыгы белгиленсин.
2. А.Токтосаров атындагы Кара-кулжа райондук китепканасынын эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин туртку берүү грантына түзүлгон долбоор жактырылсын.
3. А.Токтосаров атындагы Кара-кулжа райондук китепканасынын эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча түзүлгөн долбоорго өздук салым үчүн 287мин сом акча каражаты бөлүнсүн жана бул каражат талап кылынган мезгилде которуп берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Султановага милдеттендирилсин
4. Бул чечим аткарылышы депуттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Эшировго жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
И.Абжапаров |