ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин ХХХII кезексиз сессиясынын (IV шайланган)
2012–жылдын 30–январы №4
“Мүрөк” дыйкан чарбасы пайдаланып жаткан 145 га жер тилкесин айылдык округдун кайра бөлүштүрү фонду эсебине өткөрүү жөнүндө
“Мүрөк“ дыйкан чарбасы пайдаланып жаткан 145 га жер тилкесин айылдык округдун кайра бөлүштүрү фонду эсебине өткөрүү жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жөнүндө Шарк айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Тагаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1994–жылдын 22–февралындагы №632 токтому менен бекитилген жобого Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 3–статьясындагы 1,6,9–пункттарын, 62–66–статьяларына жана Ош облусттук мамлекеттик администрациясынын 2001–жылдын 3–декабрындагы №439 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2011–жылдын 13–июндагы №6–233/11–АД иши боюнча чечиминин негизинде ишкана мекемелерге көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн берилген, “Мүрөк“ дыйкан чарбасы пайдаланып жаткан 145 га жер тилкесин кайра бөлүштүрү фонду эсебине өткөрүү боюнча иш кагаздарын даярдоо жана ишке ашыруу айылдык округуна милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер жана аграр реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Маруфий |