Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-апрели №3
Шарк айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга каралган бюджети жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга каралган бюджетинин бекитүү маселесин айыл өкмөтүнүн финансы боюнча адистери, айыл башчылар,бюджеттик мекемелердин жетекчилери катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кеңештин бюджети жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 74 908,6 мин сом суммасында бекитилсин.
2. 2012-жылга Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар аныкталынсын, 2012-жылга түшкөн кирешелердин жана гранаттардын чегинде коргоого алынган статьяларга (эмгек акы.соц.фонд) каржылануусу белгиленсин.
3. Айыл өкмөт аймагындагы айыл чарбасын жарактуу жерлерди пайдалануу укугу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгынын дифференцияланган базалык ставкалары 5 жылдын денгелинде сакталып 2012-жылга бекитилсин.
4. 2012-жылга бюджетен Башкаруу аппаратын каржылоосу үчүн 3920,3 мин сом,Соц.жардамга 600,0 мин сом, Балдар бакчасына 5105,6 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. 2012-жылы жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын айрым бөлүмдөрү боюнча жана анын чегинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын айылдардын айыл башчылары жөнүндөгу 2006-жылдын 6-октябрындагы типтүү жобосунун негизинде айыл өкмөт кызматчыларынын (жалпы саны 40 штат бирдиги анын ичинен тех кызматчылар 4 штат бирдиги),ал эми айыл башчылары 6 штат бөлүп жетектөөчү адис бөлүп, жетектөөчү адис денгээлинде бекитилсин.
7. Шарк айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетин аткарылышы атайын эсеп жана бюджетин жыйынтыгы боюнча, кирешелер боюнча 57881,5 мин сом жана чыгашалар боюнча 58969,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетин сметасынан ашыкча түшкөн болугу толугу менен Айыл өкмөт эсебинде калып, социалдык обьектилерине жумшалышы белгиленсин.
9. Жыл ичинде зарыл болгон учурда айыл өкмөтүнүн бюджетине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизу жагы финансы – экономикалык болумуно жуктолсун.
10. 2011-жылдагы Шарк айылдык кеңешинин IV–шайланган 20 кезектеги сессиясынын Киреше бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жыл 19-июнундагы №77-Декретинин негизинде:2010-жылдын июнь айында бөлүп өткөн массалык башаламандыктардын кесепетинен жабыр тарткан физикалык жана юридикалык субьектер, ижарачылар жана жеке ишкерлер тарабынан төлөнүүчү мамлекеттик жана жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды 2012-жылдын 31-декабрына чейин бошотуу жөнүндө токтомунун негизинде төмөнкүлөрдүн эсебинен:
11. Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы-26,0 мин сом, сатуудан жана акылуу кызматтар көрсөтүү үчүн салык-550,0 мин сом, КБФ нун жерлеринен ижара акысынан-287,6 мин сом жана 4. Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык-500,0 мин сом бөлүп, жалпысынан 1363,6 мин сом 2012-жылдын КР Каржы Министрлиги тарабынан берилген бюджетин киреше бөлүгүнөн кыскартырылып, киреше бөлүгү 74908,6 мин сом бөлүп бекитилсин.
12. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Маруфий
|