Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-октябры № 464 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунун тур-гундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасы-нын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунункалктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун 165,1 га жерин, анын ичинде 137,1 га сугат айдоожана 28,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерлерди берүү жөнүндө Жербөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссияменен макулдашылган сунушу кабыл алынсын. 2. "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуш-тардын жерлери" категориясына төмөнкүлөр которулсун: - Бостери айыл өкмөтүнүн 45,5 га сугат айдоосу; - Караой айыл өкмөтүнүн 25,0 га сугат айдоосу; - Семенов айыл өкмөтүнүн 20,0 га сугат айдоосу; - Тамчы айыл өкмөтүнүн 8,6 га сугат айдоосу; - Темир айыл өкмөтүнүн 24,0 га, анын ичинде 9,0 га сугат айдоосужана 15,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жери; - Чоњсарыой айыл өкмөтүнүн 42,0 га, анын ичинде жана 29,0 га сугатайдоосу жана 13,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жери. 3. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы: - бөлүп берилген жер участкаларына социалдык-маданий арналыштагыобьекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алууменен курулуш куруу долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов