Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21 апрели №5
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык-экономикасын өнүктүрүү програмалары боюнча тышкы жана ички инвестициялар менен иштөө, өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдарды алып барган иштеринин абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык-экономиканы өнүктүрүү программалары боюнча тышкы жана ички инвестицилар менен иштөө, өкмөттүк эмес жана жамаатык уюмдардын алып барган иштеринин абалы жөнүндө айыл өкмөтү башчысы А.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү програмалары боюнча тышкы жана ички инвестициялар менен иштөө дагы 2011-жылдагы иш-чаралары аткарылышы жетишсиз экендиги белгиленсин жана айыл өкмөтүнүн баардык айылдарда, ишкана-мекемелерде инвесторлор менен иштөө пландары конкреттүү, анык иштелип, аны турмушка ашыруу жагы айыл башчыларга, ишкана мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдарынан айыл өкмөтүнөн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жардам берүүсү суралсын.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин элге билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Маруфий
|