Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-апрели №6
Шарк айыл округунун жайыт жерлеринен пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга карата иш планы жана долбоордук бюджетинин болжолу жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринен пайдалануучулар бирикмесинин 2011-жылдагы аткарган иштерин жана 2012-жылга карата планын талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2011-жылдагы аткарган иштерин жыйынтыктары көнүлгө алынсын жана 2012-жылга карата түзүлгөн планы жактырылсын (1-тиркемеге ылайык).
2. Шарк айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2012-жылга карата бюджети долбоору (2,3,4 тиркемеге ылайык) бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринен пайдалануучуларга:
-өзүнө бөлүнүп берилген жайытга гана мал-жандыктарын жаюусу;
-Мал–жандыктарын ветеринардык эмдөөдөн өткөрүүсү, жайытты пайдаланууда сарамжалдуу пайдаланууну жайыт кыртышын бүзбөөсү;
-Жайытка чыгуудан мурда алдын ала Жайыт Комитетине кайрылуусу;
-Жайыт жерлерин алууда жайыт төлөмүн 50%тин төлөсү;
-Жайыт жерлеринен пайдаланууда көргөзүлгөн келишимдердин графигин сактоо жагы милдеттендирилсин
4. Жайыт төлөмүнүн өлчөмү төмөндөкүдөй белгиленсин:
-Бир ийри муйуздуу мал башына 125 сом тариф белгиленсин, сырттагы айыл өкмөттөрдөн келген жайыт пайдалануучуларга эки эссе тарифде, (Карбан-Кол участкасында төрт эссе) белгиленсин.
-Уруксатсыз мал-жандыктардын жайытка алып чыккан адамдарга 1000 сомдон 3000 сомго чейин жазана белгиленсин.
-Жайыт төлөмдөрдүн өз убагында төлөбөгөн жайыттан пайдалануучуларга учурда 0,02 % ден 0,05 % өлчөмөдө пеня төлөөсү белгиленсин.
-Жайыт жердеги шагыл, кум жана топурак алып чыккан жарандарга ар бир м3 жүк үчүн 25 сомдон акча төлөнүүсү белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылыш жагын көзөмөлгө алуу Шарк айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Н.Солтоновго жана айыл өкмөтүнүн юристи: Н. Мотоевага жүктөлсүн.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Маруфий
|