ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин ХХХIII сессиясынын (төтүнчү-шайланган)
2012-жылдын 21-апрели №7
Шарк айылдык округундагы №124-орто мектебинин мугалимдер жамаатынын №5 педогогикалык кеңешмесини жана Ташлак айылынын тургундарынын чогулушунун протоколу жөнүндө
Ташлак айылындагы 2011-жылда ишке түшкөн №124-орто мектебинин мугалимдер жамаатынын педагогикалык кеңешмесинин жана Ташлак айылынын тургундарынын 18.04.2012-жылдагы чогулушундагы Кыргыз Республикасынын биринчи аял экс Президенти, мамлекеттик саясий көрүнүктүү ишмер инсан, Отунбаева Роза Исаковнанын ысымын №124-орто мектепке ыйгаруу жөнүндөгу сунушун карап жана талкуулап, Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык округунун Ташлак айылындагы №124-мектебине Кыргыз Республикасынын биринчи аял экс Президент,мамлекеттик саясий көрүнүктүү ишмер инсан, Отунбаева Роза Исаковнанын ысымы берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Маруфий |