ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин ХХХIII сессиясынын (төртүнчү-шайланган)
2012-жылдын 21-апрели №8
Шарк айыл өкмөтүнүн жарандарга жеке менчик үй салу үчүн Ачы массивинен берилүүчү 2012-жылга чейин чыгарылган токтомдордун жер аянтын 0,05 га дан 0,06га жана участоктордун аталышын Ачы деп өзгөртүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн тургундарына 2012-жылга чейин жеке менчик үй салу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгу токтомдордун ээлеринин көпчүлүгү ар турдуу себептер менен жер учатогун албагандыгын, ал токтомдордогу жер аянтын 0,05 га деп жана участокторду Ташлак, Медресе, Шарк, Падаван деп көрсөтүлүп калгандыгын эсепке алып жана азыркы күндө жеке менчик үй салуу жарандарга жер участоктору Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечими менен Ачы массивинен берилүүсүн жана жасалган генералдык план боюнча жер аянты 0,06 га жасалгандыгын ошондуктан мурда чыккан токтомдорду жер аянтын 0,06 га жана участокторунда аталышы Ачы деп өзгөртүү жөнүндөгу маселени карап жана талкуулап Шарк айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн жарандарга жеке менчик үй салуу үчүн Ачы массивинен берилүүчү 2012-жылга чейин чыгарылган токтомдордун жер аянтын 0,05 га дан 0,06 га жана участокотордун аталышын Ачы деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткрылышын көзөмөлгө алуу жагы Шарк айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | А. Маруфий
|