Редакцияот 21.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шарк айылдык кеңешинин кезектеги XXXIII–сессиясынын (төртүнчү-шайланган)

 

2012-жылдын 21-апрели №9

Шарк айыл өкмөтүнүн имаратынын артындагы жер аянтын аукцион аркылуу сатуу жөнүндө

Шарк айыл өкмөтүнүн имаратынын артында мүлк улушу бөлүп сатылган ишкана имаратынын алдында чектеш болгон жараксыз абалдагы дараткана жайгашкан 200,0 м2 жер аянтын аукцион аркылуу сатуу жөнүндө Шарк айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Тагаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шарк айыл өкмөтүнүн имаратынын артында мүлк улушу болуп сатылган ашкана имаратынын алдында чектеш болгон жараксыз абалдагы дараткана жайгашкан 200,0 м2 жер аянттын аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.

2. Шарк айыл өкмөтүнө аукцион өткөрүү жана сатууга тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы жүктөлсүн.

3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу крмиссиясына түзүлсүн.

 

Шарк айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Маруфий