Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21 апрели №10
Жеке ишкер Т.Ташиевке тийиштүү болгон 1,4 га жайыт жерин бир категориядан башка категорияга өткөрүү жөнүндө
Жеке ишкер Ташиев Талантбектин арызын иликтеп чыгып «Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин» 11,13,25 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы «Жерлерди бир категориядан башкасынан которуунун (трансфармациялоонун),тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» №19 токтомунун 35 пункутунун негизинде Шарк айыл өкмөтүнүн жер адиси Тагаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин» 11,13,25 беренелеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (Трансфармациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №19 токтомунун 35 пункутунун негизинде Шарк айыл өкмөтү Ташиев Талантбектин 1,4 жайыт жерин «Өнөр жай, байланыш, коргоону жана башка багыттагы жерлер жөнүндөгү» бир категориядан экинчи категорияга өткөзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11,13,25 беренелеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (Трансфармациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №19 токтомунун 35 пункутунун негизинде Шарк айыл өкмөтү Ташиев Талантбектин 1,4 жайыт жерин бир категориядан экинчи категорияга өткөзү жөнүндөгү токтомду Кара-Суу райондук жергилүкүү мамлекеттик администрациясына сунуш берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылыш жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Маруфий |