Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-апрели №11
Таштак айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Таштак айылынын Медресе участогунун Ош-Өзгөн жолунун сол тарапта жайгашкан жаны конуштагы көчөлөрдүн аты жок болуп, паспорт алганда, учотко койгондо, балдарды мектепке, балдар бакчасына бергенде дареги так болбой кыйналып жаткандыгы жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Таштак айылынын Медресе участогунун Ош-Өзгөн жолунун сол тарапка жайгашкан жаны конуштагы көчөлөргө Насирдинов Абдибалинин ысымы берилсин. (Арыздан көчүрмө, айылдык жыйындын протоколу тиркелет)
2. Аталган көчөгө Насирдинов Абдилбалинин ысмы, жазылып, бардык үйлөр номерленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы А. Салиевке тапшырылсын.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Маруфий |