Редакцияот 21.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шарк айылдык кеңешинин ХХХIV-кезексиз сессиясынын (төртүнчү-шайланган)

 

2012-жылдын 21 апрели №1

Шарк айылдык округунун жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө

Шарк айылдык округунун жайыттары Кызыл-Кыштак, Нариман, Папан, Мады, Кашкар-Кыштак, Савай ,Сарай, Толойкон, Отуз-Адыр, Жоош, Кызыл-Суу, Ката-Талдык Жаңы–Алай айылдык округдары менен чектешет жана чектешкен участкалар боюнча талашуулар пикир келишпестиктер жок экендигин көрсөткөн 2012-жылдын майындагы актысын карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шарк айылдык округунун жайыт чек Кызыл-Кыштак, Нариман, Папан, Мады, Кашкар-Кыштак, Савай, Сарай,Толойкон, Отуз-Адыр, Жоош, Кызыл-Суу, Ката-Талдык, Жаны–Алай айылдык округдары менен чекткшкен чек аралары бекитилсин.

2. Шарк айылдык округунун жалпы жайыттарынын аянты 14965,0 гектар экиндеги белгиленсин.

3. Ушул токтомдогу көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянтын макулдашуу жагы Кара-Суу районунун жайыттырдын чек араларын тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.

 

Шарк айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Маруфий