Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-июну №2
Ташлак айылдарынын көчөлөрүнө жарык берүү иштерин проектин даярдоо жөнүндө
ЮСАИД өкмөттүк эмес уюму тарабынан Ташлак жана Медресе айылдарынын көчөлөрүнө жарык берүү иштерин проектин жана техникалык документерин даярдоо үчүн бюджет эсебинен 44 312 сомду айыл өкмөтүнүн салымы катары өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени карап, жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЮСАИД өкмөттүк эмес уюму тарабынан Ташлак жана Медресе айылдарынын көчөлөрүнө жарык берүү иштерин проектин жана техникалык документерин даярдоо үчүн бюджет эсебинен 44 312 сомду айыл өкмөтүнүн салымы катары өткөрүп берүү үчүн акча каражатын табуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын 2010-жылдагы 18 гл.7-пункутуна ылайык жалпы пайдалануудагы жерлердин көчөлөрүнө жарык берүү үчүн Шарк айыл өкмөтү Монуев көчөсүнөн баштап электр жарыгын орнотууга, андан кийинки эксплуотациясын жана утурумдук ремонт жумуштарын каржылоо жана сарпталган электр энергиясынын төлөмүүн төлөө Шарк айыл өкмөтүнүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткаруу жагын камсыз кылуу Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы А.Салиевке милдеттендирилсин.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Маруфий
|