Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 26–июлу №2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык кономикалык өнүгүүсүнун программасынын 2012 – жылдын I – жарым жылдык аткарылышы жана тышкы ички инвестициялар менен иштоо, өкмөттук эмес жана жамааттык уюмдардын алып берген иштерин абалы жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн 2012–жылдын I–жарым жылдыгында социалдык эканомикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жөнүндөгү А. Салиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Шарк айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын социалдык эканомикалык онугушун камсыз кылуу боюнча Шарк айыл өкмөтүнүн 2012 – жылдын I – жарым жылдыгында жургузулгон иштери жонундо билдируу конулго алынсын.
2. 2012–жылдын II–жарым жылында айыл өкмөтүнүн социалдык эканомикалык жактан өнүгүүсүндө I-жарам жылдыкта келтирилген кемчиликтерин жоюу резервдердин толук пайдалануу менен I жарым жылдыкта коюлган пландарды толук аткарууну камсыздоо боюнча эффективдуу чараларды кору өкмөт аппаратына, айыл башчыларына жана менчигинин түрүнө карабастан мекеме, ишкана, уюм, чарба жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык өнөр жай, транспорт соода байланыш элге кызмат көрсөтүү (менчигинин түрүнө карабастан) натыйжалуу, стабилдүү иштешин камсыз кылуу жетекчилерине жүктөлсүн жана алардын отчеттору кийинки сессияларда угулсун.
4. Айыл өкмөттун аймагындагы 2012–жылдын I–жарым жылдагы тышкы жана ички инвестициялар менен иштоо абалы талап даражасында жүргүзүлбөгөндүг белгиленсин, жана жылдын II–жарым жылында ушул кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү иш–чаралар түзүп жана иш жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Акматовго милдеттендирилсин.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Маруфий
|