Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 25–июлу №4
Элди медицина жактан тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында элге медициналык кызмат көрсөтүү жана тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Шарк айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндөгү элге медициналык кызмат көрсөтүүдо Үй-бүлөөлүк дарыгерлер жана ФАП кызматчылар тарабынан жүргүзүлгөн иштер талап даражасында экендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн медициналык мекемелерди, техникалык базасын чындоо жана кадырлар менен камсыз кылуу иш чараларын жүргүзүү райондук оору кана бөлүмүнөн суралсын.
3. медициналык жардамды жакындан көрсөтүү максатында алыскы Топ Терек айылында тез жардам пунктын ачуу айыл өкмөткө жүктөлсүн.
4. Бей өкмөт уюмдары менен биргеликте УДТ жана ФАПтардын имараттарын ремонттоо иштерин жүргүзүү учурун проекттерди түзүү тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилсин.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Маруфий
|