Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 26–июлу №5
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына карата айылдар ортосунда кароо сынактар өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн салтанаттуу тур жогору денгээлде өткөрүү максатында айылдар ортосунда “мыкты көчө” жана “Мыкты Үй-бүлөө” кароо сынагы өткөрүү жөнүндөгу Шарк айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Акматовтин билдирүүсүн карап жана талкулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн салтанаттуу тур жогору денгээлде өткөрүү максатында айылдар ортосунда “мыкты көчө” жана “Мыкты Үй-бүлөө” кароо сынагы өткөрүлсүн.
2. Кароо сынакты өткөрүү боюнча томондогу курамда комиссия тузулсун
1. Акматов А – айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын торагасы
Мүчөөлөрү:
2.Муратова Ф–айылдык кеңешинин депутаты
3.Юсупова С–аялдар кеңешинин мүчөсү
4. Мойдинов М–аксакалдар кеңешинин мүчөсү
5. Маматисаков А–жаштар камитетинин мүчөсү
3. Кароо сынактарды өткөрүүну уюштуруну козомолгоо алуу жагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы А. Салиевке милдеттендирилсин.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Маруфий |