Редакцияот 26.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шарк айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI-сессиясынын (төртүнчү-шайланган)

 

2012–жылдын 26–июлу №7

Шарк айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн аймагында балдардын спорттук клубун ачуу жөнүндө

Шарк айыл өкмөтүндө балдар ортосунда спорт иштерин жана да өнүктүрүү максатында Маданият үйүн алдында спорттук клуб ачуу жөнүндөгү Махмудов Внын арызын карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шарк айыл өкмөтүндө балдар ортосунда спорт иштерин жана да өнүктүрүү максатында Маданият үйүн алдында спорттук клуб ачууга уруксат берилсин.

2. Спорттук клубдун иштерин жүргүзүү жана көзөмөлдөө спорт боюнча машыктыруучу В. Махмудовко милдеттендирилсин.

 

Шарк айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Маруфий