Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 26–июлу №9
Шарк айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн алдында жайгашкан жер аянттарынан балдар үчүн ойноочу жай куруу жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн алдында жайгашкан жер аянттарына балдар үчүн ойноочу жай куруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Жолдошевтин билдирүүсүн карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн алдында жайгашкан жер аянттарына балдар үчүн ойноочу жай курууга уруксат берилсин
2. Ушул токтом боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо Шарк айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Маруфий
|