Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29 августу, №22/5
«Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери», «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджета жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин», депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин экономна, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жылдын 24-августундагы протоколун ошондой эле депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы №21Y1 токтомдорунун негизинде аткарууга алынган бирок шаардын жергиликтүү бюджета 2012-жылдын 6-айына план боюнча 50546,2 миң сом каралаган болсо, чындыгында 52385,6 миң сомго аткарылган, башкача айтканда 103;6 пайызга аткарылган, же башкача айтканда жергиликтүү бюджетке 1839,4 мин сом ашыкча түшүрүлгөн. Бул көрсөткүч жогорку бюджеттерден алынган каражаттарды, гранттарды кошкондо. Анын ичинен милдетүү түрдө төлөнүүчү патенттик салыктан 39,5 миң сом кем салык өндүрүлгөн, ыктыярдуу түрдө төлөнүүчү патентик салыктан 1846,9 миң сомго ашыкча салык өндүрүлгөн, автоунаалардан түшүүчү салык 921,9 мин сом белгиленсе, анын 428,4 мин сому өндүрүлүп, 493,5 миң сом кем жыйналган. Ошондой эле пландаштырылган айыл чарбасына арналбаган жер салыгынан 47,9 мин сом, административтик жазаналардан 94,6 мин сом акча каражатын жергиликтүү бюджетке түшүрүү камсыз кылынбаган.
Ал эми чыгаша болүмү бекитилген планга карата 89,8 пайызга камсыздалган. Анын ичинен план боюнча 52633,6 мин сом белгиленген болсо, анын чындыгында иштетилгени 47289,7 миң сомду түздү же башкача айтканда 5343,9 мин сом кем каржыланган. Анын ичинен эмгек акы 25301,1 мин сом ордуна 241090,3 мин сом же 95,6 пайызга, коммуналдык кызматтар боюнча 2594,1 мин сом ордуна 2518,5 мин сом карадат бөлүнүп 97,1 пайызга аткарылды, пландаштырылган ремонт иштерине 6065,5 мин сом каражат бөлүнсө, чындыгында 4957,9 мин сом каражат бөлүнүп берилди, бюджеттик мекемелерге 1074,6 миң сомдук эмеректер сатып алуу каралса, жарым жыл ичинде 208,4 мин сомдук эмеректер алынып берилген.
Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү шаардык бюджеттин аткарылыштары боюнча маалыматты шаардык бюджеттин карамагында турган бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда мэриянын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, анда түшкөн сын пикирлерди, сунуштарды эске алып
Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу шаарынын мэриясыньш 2012-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясына:
- 2012-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча кабыл алынган план-божомолдордун, жергиликтүү бюджеттин сапаттуу аткарылышын камсыздоодо, тийиштүү чараларды көрүшсүн;
- Кара-Суу шаар мэри А. К. Рахимовго 2012-жылдын 6 айында аткарылбай калган салыктар боюнча тийиштүү иш-чаралар көрүлсүн, ошондой эле күнөлүү кызматкерлерге тартиптик жаза колдонуу сунушталсын.
- Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары менен биргеликте өнөр жай багытында иштеп жаткан ишкана, акционердик коомдордун иштерин кароо, жетекчилеринин отчетторун угуу милдеттендирилсин;
-2012-жылдын аягына чейин бюджеттик мекемелерди 2012-жылга чыгаша сметасында каралган акча каражаттары менен толук камсыздоо, айрыкча көңүл корголгон статьяларга бөлүү тапшырылсын;
-2011-жылдын жыйынтыгы менен калган 221,0 мин сом эркин калдыгы төмөнкүлөргө бөлүнсүн: Кара-Суу шаар көчөлөрүн жарыктар менен камсыз кылуу боюнча жактырылган долбоорго 100,0 миң сом, шаардын жерин инвентаризация жүргүүзүп жаткан адистердин командировкалык чыгымдарына 35,0 мин сом, борбордук аянтагы трибунаны ремонтоого 16,0 миң сом, "Кара-Суу Таза Суу" муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чьщдоого 70,0 миң сом, калган 110,0 мин сом акча каражатын 2012-жылдын тогуз айында бюджеттин аткарылышынан артыкча аткарылганынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
-Кара-Суу шаарындагы "Айданек" балдар бакчасын капиталдык ремонтоодон (сттмулдук гранттан) өткөрүүгө өздүк салым кошууга 385,0 мин сом акча каражатын табуу милдеттендирилсин.
3. Бюджеттик мекемелердин жетекчилерине:
- шаардык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу, коромжусуз иштетүү;
- атайын каражат сметасында каралган кирешелер бөлүгүнүн толук жыйноо, смета чыгашасы боюнча иштетүү;
- 1-4 класстарда окуган окуучуларга уюштурулган ысык тамак-аш үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын үнөмдүү пайдалануу, уюштуруучулук иштердин аткарылыштарын көзөмөлдөө милдеттери жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Суу шаар мэриясына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Депуттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ю.Алиев |
|
|