Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-сетябры №18/2
№6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан райондук кеңештин депутаты Т.Н.Сарыбашовдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункттарына ылайык мөөнөтүнөн мурда бошогон № 6 Гүлчө шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаттыгына Жусубалиев Нурбек Абытовичтин депутаттык мандатын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункттарына ылайык жана Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 14.02.2012-жылдагы № 4 токтомунун негизинде Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан Алай райондук кеңештин депутаты Т.Н.Сарыбашовдун депутаттык мандаты менен кызмат абалы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусуна шайкеш келбегендигине байланыштуу депутат Т.Н.Сарыбашовдун депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. № 6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан Алай райондук кеңештин депутаты Т.Н.Сарыбашовдун депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтогондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункттарына ылайык № 6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан райондук кеңештин депутаты болуп Жусубалиев Нурбек Абытовичтин депутаттык мандаты таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу райондук кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Суранова |