ТоктомКүчүндө

Алай райондук кенешинин 2012-жылдын 29-февралындагы №18/6 «Алай райондук кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 4 токтомун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция29.02.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Алай райондук кеңешинин II чакырылышынын кезексиз XVIII заседаниеси

 

2012-жылдын 29-февралы №18/6

Алай райондук кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын   № 4 токтомун бекитүү жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын № 4 Алай райондук кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун угуп талкуулоонун  негизинде  Алай райондук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Эсептөө комиссиясынын № 4 Алай райондук кеңешинин төрагасын кызмат ордуна жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү  протоколу бекитилсин.

2.    Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын элүү пайыздан ашык добушун алган № 3 төрт мандаттуу Ленин шайлоо округунан райондук кеңешке депутат Жеенбеков Нурланбек Мамасадыкович Алай райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинисин. 

 

Алай райондук кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

А.Суранова