Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы № 17/3
Баш-Булак айылынын тургундарынын топурактын эрозиясын алдын алуу боюнча сунушу жөнүндө
Катта-Талдык айылдык округунун Баш-Булак айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколун жана жарандык коргонуу комиссиясынын чечимдерин карап чыгып, айтылган сунуш пикирлерди эске алып, Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баш-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун жана айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу комиссиясынын чечимдери жактырылсын жана колдоого алынсын.
2.Баш-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн токой тилкелерин отургузуу жөнүндө даярдалган долбоору жактырылып, долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн уюштуруу иштерин жүргүзүү, каражат жана аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн долбоордун алкагында ишке тартууну уюштуруу жагы айыл өкмөтунө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссмясына тапшырылсын
Катта-Талдык айылдык Кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |