Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели № 18/1
Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бащчысы башкы эсепчи И.Бердиевдин докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2011-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы айрым алымча-кошумчасы менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 41788,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгү 41788,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
4. Айыл өкмөттүн 2012-жылга штаты жалпы 32,0 штаттык бирдик менен бекитилсин,анын ичинен 8 айыл башчысы, ВУС-2 штаттык бирдик кенже тейлөөдөгү кызматкер 3,0 штат.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн жана 2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
6. 2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңештин төрагасы |
А.Акаев |