Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели № 18/4
Катта-Талдык айылдык өкмөтүнүн 2012-жыл 1-январга карата калган 555112 сом 45 тыйын калдык боюнча бюджетин бекитүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 1-январь 2012-жылга калган 555112 сом 45 тыйын калган калдык боюнча айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы И.Бердиевтин докладын угуп жана аны талкуулап, сүйлөшкөн сын пикирлерин угуп,
депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2012-жыл 1-январга карата калган 555112 сом 45 тыйын кирешелер болугу алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2.Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн чыгашалар бөлүгү 555112 сом 45 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн жана 2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгаша бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
4.2012-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар болугун мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңештин төрагасы |
А.Акаев |