Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы № 17/2
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 10.01.2012–жылдагы №10/27 чыгаша каты жөнүндө
Депутаттардын Ката-Талдык айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 10.01.2012-жылдагы №10/27 чыгаша катынын жана Катта-Талдык айылдык округунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын билдируусу менен таанышып, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-талдык айылдык кеңешинин аймагында 2012-жылга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 10.01.2012-жыл №10/27 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын 17.10.2010ж №231 мыйзамынын 2 (экинчи) жана 3(учунчу) группадагы салыктары жана мурунку жер салыктары кабыл алынсын.
2. Ката-Талдык айылдык округунун физикалык тарабынан төлөнүүчү там арка салыгы 0,01 га жерге 10 сом өлчөмүндө, коммуналдык салык (мусор) бир жанга 3 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ката-Талдык айылдык окрунун башчысы К.Жантороевке жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |