Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы № 17/4
Катта-Талдык айылдык округунун 2012–жылдын 1–январына калган калдыктан 60,0 мин сом Эшме айылындагы А.Муратов атындагы орто мектебинин актовый зал жана ашканага акча каражатын бөлүү жөнүндө
Катта-Талдык айылдык округунун финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы 01.01.2012–жылга айыл өкмөттүн эсеп счетундагы калдык боюнча маалыматынын , Эшме айылынын тургундарынын эсебинен А. Муратов атындагы орто мектебинин Актовый зал жана ашканага төлөнүүчү акча каражаты төлөнбөй жаткандыгы жөнүндөгү Катта-Талдык айылдык окрунун башчысы К. Жантороевдин билдирүүсүнүн негизинде Катта-Талдык айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Ката-Талдык айылдык округунун эсебиндеги 1–январь 2012-жылга калган калдыктан Эшме айылындагы мектептин актовый зал жана ашканасына 10% төлөмүн төлөөгө 60,0 мин сом бөлүнсүн.
2. Жогорудагы акчаны максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысы И. Бердиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев
|