Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы №2
№102 М.Тешебаев орто мектебинин тосмолорун оңдоо үчүн райондук кеңеш тарабынан бөлдүрүлүп берилген акча каражаты жөнүндө
№102 М.Тешебаев орто мектебинин тосмолорун оңдоо үчүн Кара-Суу райондук кеңеши тарабынан бөлүнгөн акча каражатын көзөмөлдөө максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук кеңеши тарабынан №102 М.Тешебаев орто мектебинин тосмолорун оңдоо максатында бөлүнгөн акча каражатын максаттуу иштетүү жана бул боюнча материалдык жоопкерчилик мектеп директору Ш.Муратовго жүктөлсүн.
2. Жогоруда аталган жумуштарды тактоо, аткаруу иштерине көзөмөл жүргүзүү депутаттар М. Бектемиров, М. Муратовдорго милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы | О.Айдаров
|