Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы № 3
Отуз-Адыр айылдык округундагы №55 Кызыл-Абад орто мектебине Зулпиев Камчыбектин ысмын берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык округуна караштуу Кызыл-Абад айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын, №55 Кызыл-Абад орто мектебинин педагогикалык кеңешинин протоколдорун карап чыгып Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык округундагы №55 Кызыл-Абад орто мектебине Зулпиев Камчыбектин ысмы берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо жагы мектеп директору С.Матназаровага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б. Жээнбековага жана депутат С. Бердиевке жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы | О.Айдаров
|