БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин V чакырылышынын I уюштуруу заседаниеси
2012-жылдын 4-апрели № 1/5
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 3 протоколун бекитүү жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын № 3 Будалык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулоонун негизинде Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын № 3 Будалык айылдык кеңешинин төрагасын жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу бекитилсин.
2. Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын элүү пайыздан ашык добушун ала албагандыгынын негизинде Будалык айылдык кеңешинин төрагасы шайланган жок деп эсептелинсин.
3. Будалык айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун экинчи туру өткөрүү эсептөө комиссиясына тапшырылсын
Будалык айылдык кеңешинин заседаниесин алып баруучу |
| ||
| З. Паизова | ||