Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-январы, № 02 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Бир тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жанаэкинчи тараптан «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердиккоомунун (мындан ары - «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК),«Кыргызнефть» өндүрүштүк бирикмесинин, Франс ГидрокорбонсЛимитеддин ортосунда 1995 - жылдын 20 - декабрында түзүлгөнИнвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун чечмелөөдөгүкарама-каршылыктарды жоюу максатында: 1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссиятүзүлсүн: Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары,комиссиянын төрагасы, комиссия мүчөлөрү: Кириченко Н.М. - Кыргыз Республикасынын өнөржай, соода жана туризм министринин орун басары, Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Зубков В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Тойчубеков Ю.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөлдөө жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Нуржанов Д.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Акматов Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директору, Омаркулов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору, Айтбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча), Максуталиев Ж.Ж. - Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, Тургунбаев К.А. - «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Роберт Браун - «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча), Усувалиев Н.М. - «Баткеннефтегаз» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча), Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун- энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнүн башчысы, Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын неачальнигинин орун басары, Эсеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин Аппаратынын финансы башкармалыгынын бюджет, салык жана тариф саясаты секторунун башчысы. 2. Комиссия 1995-жылдын 20-декабрындагы Инвестициялыкмакулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүбоюнча сунуштарды анын айрым жоболорун чечмелөөдө аныкталганкарама-каршылыктарды эске алуу менен Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө бир айлык мөөнөттүн ичинде киргизсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жанажаратылыштык ресурстар бөлүмүнө, финансы башкармалыгына жанареформаларды, мамлекеттик программаларды жана долборрлордуукуктук жактан камсыздоо башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов