Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-февралы №27/1
Нариман айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 565 "Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомун жана Ош жогорку чьщалуу электр тармактар ишканасьшын 10.02.2012-жылдагы чыгыш№ 112/92 катынын негизинде "Датка -Узловая Алай" 220 кв жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн Нариман айыл өкмөтүнөн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө
Нариман айылдык Кеңешинин депутаттарынын бул маселе боюнча ой пикир сунуштары угулуп, кеңири талкууланып макулдашылгандан кийин Нариман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нариман айыл өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 565 "Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомун жана Ош жогорку чьщалуу электр тармактар ишканасьшын 10.02.2012-жылдагы чыгыш № 112/92 катынын негизинде "Датка -Узловая Алай" 220 кв жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн Нариман айыл өкмөтүнөн :
кайрак айдоо жер аянтынан - 532 м2
жайыт жер аянтынан — 399 м Жалпысы болуп -931 м2 жер аянтары ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Нариман айылдык Кеңешинин жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Исаков |