Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты №28/6
Нариман айыл өкмөтүнүн Лангар айылынын тургундарынын Талдык-1 участкасында кымыз менен ден-соолукту чындоо комплексин куруу боюнча
Нариман айыл өкмөтүнүн Лангар айылынын тургундарынан түшкөн арызды карап, Лангар айылынын элдерин жумуш менен камсыз кылуу максатында Нариман айыл өкмөтүнүн Талдык-1 участкасындагы 88 контурдагы жайлоосуна ден- соолукту чындоо үчүн кымыз(саамал) ичип дарыланууга келгендерге, кыш мезгилинде лыжа тебүүчүлөргө толук шарт түзүү максатында, Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап , талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексынын 32-статьясынын 4-пунктуна таянып Нариман айылдык Кеңеши
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Нариман айыл өкмөтүнүн алыскы Талдык-1 участкасындагы түшүмдүүлүгү жок жеринен ден-соолукту чындоо-спорт комплексин куруу учун 0,30 га жер участогу болунуп берилсин
2. Нариман айыл өкмөтүнүн Талдык-1 участкасындагы 0,30 га жер аянты трансформациялоо жагы Кара-Суу райондук Кеңешинен жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Исаков |