Редакцияот 16.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 16-марты №28/7

Нариман айылдык округунун Лангар айылынын тургуну Примкулов Асилбектин "Кара кой" мини фермердик чарбасына айыл чарба багытында эмес жерден короо сарай куруу үчүн 0,50 га жер участогу ажыратып берүү жөнүндө

Нариман айылдык округунун Лангар айылынын тургуну Примкулов Асилбектин "Кара кой" мини фермердик чарбасына айыл чарба багытында эмес жерден короо сарай куруу үчүн жер участогу ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап, талкуулап Нариман айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нариман айылдык округунун Лангар айылынын тургуну Примкулов Асилбектин "Кара кой" мини фермердик чарбасына айыл чарба багытында эмес жерден короо сарай куруу үчүн 0,50 га жер участогу ажыратылып берилсин.

2. "Кара кой" мини фермердик чарбасына короо сарай куруу үчүн айыл чарба багытындагы эмес 0,50 га жер аянтын трансформациялап берүү жагы Кара-Суу райондук Кеңешинен жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын

 

Нариман айылдык  

кеңешинин төрагасы

 

К.Исаков