Редакцияот 25.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 25- апрели №29/2

Нариман айыл Өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджета жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012- жылга айыл өкмөтүнун бюджетинин карап, талкуулап, айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын, толуктоолорунун негизинде Нариман айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2012-жыла Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча категориялык жана теңдештирүүчү грант эсебинде 111138,9 мин, сом өлчөмүндө, грантсыз 21095,5 миң сом, категориялык грант 88216,1 мин, сом жана теңдештирүүчү грант 967,3 миң сом өлчөмүндө, айыл чарбасына жараксыз жерлерин сатуудан түшүүчү акча каражаты 860,0 миң, сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2012-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалар боюнча багыттары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Нариман айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 89257,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү 89240,5 мин, сомго же кирешенин чыгашадан 16,8 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы бекитилсин.

4. Нариман айыл өкмөтүнүн айыл башчы кызматына 13 штаттык бирдиги бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына (А.Хажибуваев) тапшырылсын.

 

Нариман айылдык  

кеңешинин төрагасы

 

К. Исаков