Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30- июну №31/1
Нариман айыл өкмөтүнүн Арипжан айылынын тургундарын таза ичимдик суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Нариман айыл өкмөтүнүн Арипжан айылынын элдерин таза суу менен камсыз кылуу боюнча айылдын тургундарынын арыздарын карап, талкууланып, айылдык Кеңешинин депутаттарынын кеңири ой-пикир сунуштарын негизинде Нариман айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл өкмөтүнүн Арипжан айылынын элин таза ичимдик суу менен камсыз кылуу үчүн Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 760,0(жети жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Нариман айыл Өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы З.Аблазовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык Кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Исаков |